www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Референдумга жол жок!» Бишкекте тынчтык жүрүшү өтүп жатат

Бүгүн, 20-декабрда Бишкекте активисттердин «Мыйзамдуулук үчүн» тынчтык жөө жүрүшү өтүүдө. Жөө жүрүшкө 50дөй адам катышууда.

Алар азыркы бийлик ушундай жол менен Кыргызстанда авторитаризм орнотууну көздөп жатышат деп эсептеп, референдумду өткөрүүгө каршы.

Жөө жүрүш учурунда катышуучулардын негизги ураандары: «Референдумга жол жок!», «Кыргызстан – светтик өлкө», «Бийликти узурпациялоого жол жок».

Темир жол бекетинин жанына чогулгандар Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы ураан-чакырыктар менен «Ала-Тоо» аянтына келишти.

Эскерте кетсек, тынчтык жөө жүрүшү апта сайын, ар жекшембиде өтүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости