www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран жыл башынан бери Орусияга 400дөй баллистикалык ракета жеткирди. Бул тууралуу Reuters агенттигине Ирандын аскерий чөйрөсүндөгү алты булак билдирди.

Алардын айтымында, мындан ары да жеткирүү иштери пландалууда.

Кеп Fateh-110 классындагы “жер-жер” ракеталары жөнүндө болуп жаткандай. Алар 300дөн 700 чакырымга чейинки аралыктагы буталарды атууга жөндөмдүү.

Агенттиктин өз булактарынын айтымында, Орусияга ракеталарды жеткирүү январдын башында башталды. Андан мурдараак Орусия менен Ирандын аскерий жана коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрү Москва менен Тегеранда жоугушууларды өткөргөн. Айрым ракеталар Ирандан Орусияга Каспий деңизи аркылуу кеме менен, башкалары учак менен жеткирилүүдө.

Reuters агенттигинин өз булактарынын бири – жогорку даражалуу ирандык аткаминер: "Жеткирүү улантылат. Муну жашырууга эч кандай негиз жок. Биз каалаган өлкөгө курал-жарак жеткирүүгө укугубуз бар", - деди.

Иран менен Орусиянын аскердик ведомстволору Reuters агенттиги жөнөткөн сурооорго жооп беришкен жок.

Иран менен Орусия Украинада согуш башталгандан кийин аскердик кызматташтыкты кеңейтүүдө. Январдын ортосунда Орусиянын Коргоо министрлиги Тегеран менен аскердик-техникалык кызматташтык жана аймактык коопсуздук маселелери боюнча “мамлекеттер аралык ири келишимге” кол коюуга даяр экенин жарыялаган.

Былтыр декабарда Орусия менен Ирандын тышкы иштер министрлери санкциялардын терс кесепеттерин компенсациялоо тууралуу декларацияга кол коюшкан.

Иран да, Орусия да бир нече эл аралык санкцияларга кабылган. Иранга чектөөлөр 1979-жылдагы Ислам революциясынан кийин эле киргизилген. Орусияга 2014-жылы Крымды аннексиялагандан соң санкциялар салынып, 2022-жылы февралда Украинага толук масштабдуу аскерий чабуул баштагандан кийин чектөө күчөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости