www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернеттеги Фейсбук социалдык байланыш тармагындагы баракчалардын биринде "Рита Карасартова чет элдик кураторлордун тыңчысы"- деген маалымат тарады. Биз аны кыргыз тилинде которуп жарыяладык. Маалымат төмөндөгүчө:

Акыркы убактарда укук коргоочунун кыймыл-аракетин чагымчылдык катары бааласа болот. Активист кезектеги революцияны уюштуруу үчүн чакырык жасоодо. Анын учурдагы бийликке каршы уюштуруп жаткан акцияларын түшүнүүгө болот. 

Ал өзүнүн саясий буйрутмадан алган чоң өлчөмдөгү гонорарын актап жатат. Гонорарды ким тараптан, кандай шартта алгандыгы тууралуу кийинчерээк кеп кылабыз. Бул жолкусунда анын бийликке болгон «Күйүп жатат. Тез. SOS» талабын талдап чыгуу керек. 

Ии баса, активист президент мамлекеттик кызматтарга сунуштаган бир эмес, бир нече сунушун четке каккан. Биринчи жолкусунда ал президенттик аппаратка иштөө сунушунан баш тарткан, экинчи ирет Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин орун басарлык кызматынан баш тарткан. 

Анын баш тартканына таң калбай деле коюуга болот. Жогорудагы көрсөтүлгөн кызматтарда тең толук иш күн, үй-бүлө, бала-чака, жеке кызыкчылыктар, туугандык байланыштын баарын токтотуп, аз өлчөмдөгү маяна менен жанын уруп иштөө керектелет.  Андан сырткары, азыркы “буйрутма” кызматтардан кол жуумак. Бирок, НПО-активист үй-бүлөсүн, бала-бакырасын багуу, алардын окуусун төлөө керек. 

Бул жерден кантип? кайсы кирешеден? деген суроо туулат. Баардыгына белгилүү болгондой, Рита Карасартованын донордук уюмдар менен иштешкен гранттык негиздеги кыска мөөнөттүү долбоорлорун кошпогондо, өзүнүн жеке ишкерчилиги же туруктуу киреше булагы жок. Ширин Айтматованын жетектеген «ҮМҮТ2020» командасынан түшкөн сунушту....? 

“Тегерек” ж.б. столдорду уюштуруп, аларды өткөрүүдө кыйкырып, социалдык тармактарда ызы-чуу жаратып, даяр кайрылуу тексттерди акча берип, ар түрдүү жерге таратып жүрөт. Ушинтип болгон күчүн жумшап, аябай аракет кылууда. 

Өзүнүн социалдык баракчасына конституцияга каршы келген чакырыктарды чыгарууда. Коомчулукту “келечек үчүн” жоопкерчиликтүү болууга чакырып, кесиптештерин “гей-парад” жана саясий майданга чыгуусуна үгүттөп жүрөт. Анын жазып чыккан талабында, коррупция менен каршы күрөшүү жазылган. Бул айымдын азыркы жана мурунку аткаминерлерди сот жоопкерчилигине тартуу талабы, кызыктай эле көрүнүп жатат. 

Баарынан дагы  сот системасындагы "серый кардинал" деп аталган президенттин аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев буйрутма аркылуу мыйзамдуу, темир тор артында дегени кандай.
Бирок активист өзүнүн позициясын Алмаз Атамбаевтин командасындагыларды гана “отургузуу” керек деп алмаштырдыбы? 

Бул эмне? Укук коргоочунун логикасын кандай түшүнсө болот? Же бийликке коррупция менен ойлонбой эле күрөшө берүүнү сунуштап жатабы, же НПО – өнөктөштөрү кыргызстандыктарды буга чейинки бийлик өзүнүн “менчик” элине айландырып алгандай.

Эгерде башка укук коргоочу айымдар, жерлерди ээлеп алган аткаминерлердин ишин аягына чейин чыгарууну талап  кылса, анда логикалдуу болот эле.  Мисалы, Албек Ибраимовдун байлыктары тууралуу. Учурда “Коррупция” беренеси менен бир гана ал эмес, башка адамдар дагы жазасын өтөп отурушат. 

Эмне үчүн Рита Карасартова ЖЭБди оңдоп-түзөөдөгү “жеп” алгандар боюнча унчукпайт? Тарых музейдеги жана Ипподромдогу жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштериндеги коррупция боюнча бир дагы ооз ачпайт. Активисттердин бардык талаптарын бийлик аткарып жатат. Анын ичинен эң ызы-чуу жаратканы – бул Дастан Догоевди суракка чакырганы болду эле. Эми мына сунушуңар кабыл алынды, Дастан Догоев кызматынан жогорулады. 

«Мурунку саламаттык сактоо министрлигинен колуңду тарт» деп Динара Сагынбаеваны коргоп чыкканын, бийлик угуп, аны үй камагына бошотту. Рита Кароасартовага дагы эмне керек? Бардык кылмышкерлерди койо берүү керекпи? Кээ бир көз боёмочуларды абактан койо берүү талабын коюп, күч органдарын бөлүп-жарып, УКМКнын аброюн түшүрүп...бул акылынан адашкан аял эмне макссатка жетүүнү көздөп жатат?  Негизи эле анын коррупция менен күрөшүү жолу абдан эле кызык болуп жатат. Абдан эле кызык...Актангысы келсе эшик ачык...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости