www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Кыргызстанга, Казакстанга, Беларуссияга жана Түштүк Корея менен аба каттамдарын калыбына келтирет. Бул тууралуу россиялык ММКлар жазып чыкты.

Маалым болгондой, мындай чечимди  Россиянын коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча Ыкчам штаб кабыл алган.

Ошентип, 21-сентябрдан баштап Казакстан (Нур-Султан), Кыргызстан (Бишкек) жана Беларуссия (Минск) менен эл аралык авиакаттамдарды жандандыруу чечими кабыл алынды. Ал эми 27-сентярдан баштап  Россиядан Сеулга (Түштүк Корея) аба каттамдар жанданат.

Билдирүүдө “көрсөтүлгөн мамлекеттерге учуулар жумасына бир жолу макулдашуунун негизде жүргүзүлөт” деп белгиленген.

Белгилей кетсек, өлкөлөр ортосундагы аба каттамдар пандемиядан  улам жаз мезгилинде токтотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости