www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында жеке менчик бала бакчалар иштей баштады

Жалал-Абад шаарында эпидемиологиялык абал турукташа баштаганына байланыштуу жеке менчик бала бакчалар ачылып иштей баштады. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Коронавируска каршы күрөшүү боюнча шаардык ыкчам штаб калаадагы 15 жеке бала бакчанын ишин жандантууга уруксат берген. Ошону менен катар санитардык эрежелерди так сактоо талабы коюлган.

"Ар бир тайпада 12 баладан ашпоого тийиш. Кире бериштен баланын дене табы өлчөнүп, колуна антисептик чачылып, бет кап менен кабыл алынат. Ар бир бала бакчага медайымдар тартылып, балдардын ден соолугун такай көзөмөлдөп турушат. Тамактануу бөлмөлөрү, идиш-аяктар күндө хлор менен жуулат. Эшиктин туткаларына хлорлонгон кебезди байлап, спирт кошулмасы бар каражаттарды бат-баттан чачып турушат. Оюнчуктары күндө жуулуп, антисептик менен тазаланат. Керебеттер дагы бир метр аралыкта жайгашат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, мэрия муниципалдык бала бакчаларда дагы жогорудагыдай талаптар түзүлгөнүн белгиледи. Бирок бир тайпада 30 бала болгондуктан жана медиктердин жетишсиздигинен улам аларга уруксат бериле элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости