www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош базарында жасалма жана күмөндүү алкоголь менен тамеки буюмдарына рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Анын айтымында, рейд дүң соода түйүндөрүндө өтүп, ага Салык кызматынын инспекторлору, райондун акими Чынасыл Чыныбаев жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышты.

Көптөгөн сатуучулар текшерүү жөнүндө билгенден кийин дароо жабылып калышты. Бирок коопсуздугу шек жараткан көптөгөн өнүмдөр табылды. 10 миң 635 сомдук 110 бөтөлкө алкоголдук продукция, 2320 300 сомдук 520 куту тамеки алынды.

Материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына андан аркы аракеттерди көрүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости