www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Спортчу 3 метрлик тосмодон секирип өтүп качып кеткен

Түндүк Кореянын тургуну Түштүк Кореяга үч метрлик тосмодон секирип качып кетүүгө үлгүргөн. Ал жаран бир кезде гимнастика менен машыгып жүргөнү белгилүү болду. Бирок, ал демилитаризацияланган зонадан кантип өткөнү азырынча белгисиз.

Окуя 3-ноябрда орун алган, бирок бул тууралуу эми гана белгилүү болду. Түштүк Кореянын чек ара кызматкерлери аны 14 сааттан кийин кармаган. Азыркы учурда  Түштүк Кореяда тергөөдө отурат.

Сеул тергөөчүлөрү анын жалган айтып жатканын далилдөө үчүн үч метрлик тосмодон секиртип көргөн. Бирок ал айткан качуунун версиясы таң калыштуу көрүнөт, анткени мындай секирик үчүн ал алгач КЭДР аскеринин жанынан байкалбай өтүп, демилитаризацияланган аймактын көптөгөн миналарынын бири тарабынан жарылып кетпеши керек болчу. Ошондой эле тосмодогу кыймыл датчиктери иштебей калгандыгы көңүлдү бурат. Ошол эле учурда, Түштүк Кореянын бийлиги, жарнадын салмагын жана спорттук деңгээлин эске алып, мындай качуу дагы деле мүмкүн деп эсептейт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости