www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

31-майда Москвада кыргызстандык беш айлык боюнда бар келин каза болду. Кыргызстандык жаран Эрмек Шүкүров жергиликтүү басылмалардын бирине билдирди.

Анын айтымында, 31 жаштагы келин Москвадагы ооруканада жаткан. Ал Россияга жылдын башында ишке келген.

“Кош бойлуу болчу. Ооруканага түшкөндө дарыгерлер анын өмүрүн сактап калыш үчүн операция жасашкан. Беш айлык баласы үч күн жашап чарчап калды. Өзү болсо жакшы болбой жатып кечээ түнү каза тапты”, - деди Шүкүров.

Азыр эки сөөк тең өлүкканада.

Москвадагы элчи Аликбек Жекшенкулов бул окуянын чоо-жайын тактоо, тиешелүү документтерди даярдоо маселеси консулдукка тапшырылганын билдирди.

Россияда, расмий маалыматка караганда, 750 миңдей эмгек мигранты бар. Былтыр аталган өлкөдөн 261 “Жүк-200” келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости