www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөн килеми күнү, Балдарды коргоонун эл аралык күнү жана Велосипед күнүнө байланыштуу калкка кайрылуу жасап, мекендештерине ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ийгилик каалады. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Түркмөн килеми күнү 1992-жылдан бери 31-майда мамлекеттик майрам катары белгиленип, килем жарманкеси жана концерттик иш-чаралар менен коштолот.

Ушул тапта өлкөнүн эки ири аймагы апрелдин аягында болгон катуу бороондун кесепетин тартууда. Көптөгөн үй-бүлө турак жайсыз калды, курмандыктар да бар экени айтылууда. Түркмөн бийлиги жана мамлекеттик ЖМКлар бул боюнча үн ката элек.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму социалдык аралыкты сактоо зарылдыгын белгилегенине карабай, 7-апрелде Түркмөнстанда Ден соолук күнүнө карата жүрүш өтүп, ага жети миң киши катышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости