www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эксперт газ тармагы Борбор Азияда энергетикалык кызматташтыктын пайдубалына айланып жатканын айткан.
Россия Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Станислав Притчин Россия Борбор Азияга энергетикалык кризистен чыгууга кантип жардам бере аларын айтып берди.
Притчиндин айтымында, газ аймактагы энергетикалык кызматташтыктын пайдубалына айланууда. Адис Россия үчүн Борбор Азия келечектүү багыт экенин белгиледи. СССР маалынан бери Европа РФ газынын негизги сатып алуучусу болгон, бирок бул рынок жабылууда.
"Москванын жаңы рынокторду табуу боюнча муктаждыгы бар. Борбордук Азиядагы энергетикалык кризис эки тарапка тең пайдалуу алакага мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат. Россиянын газы аймакта чоң суроо-талапка ээ, баасы боюнча атаандаштыкка жөндөмдүү. Маселен, Өзбекстан башында жылына үч миллиард куб метр газ сураса, учурда онго жеткирүү тууралуу кеп болууда. Өндүрүштүн динамикасын, демографиялык өсүштү, экономикалык өнүгүүнү эске алганда бул көрсөткүч дагы өсүшү ыктымал", — деген Притчин.
Бул учурда Казакстан транзиттен жана газ транспорту тармагын өнүктүрүү аркылуу пайда табат. Ал Кыргызстанда инфраструктура курулуп, газ ташуу системасы жакшырып жатканын белгиледи.
Булак: NazarNews.kg