www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы кезде убактылуу өкмөттүн шефи болгон, Роза айымдын артынан да ар тараптуу кеп ээрчип, анын кылган аракеттерин сындагандар да чыкты. Бул эми жөн жерден чыкпаган кеп экенин баамдасак болот. Кээ бир имиштерге караганда Өмүрбек мырзага жан тартып, ага ык коюп калганынын бир себеби, кийинки депутаттык так талашка Ата Мекен партиясынан барып, депутат болууну көксөп жатканы учкай кеп болду.

Мына, бул баскан из эмненин учун билгизип турат. Көрсө, Роза айым жипти узун таштап, келечекке азыртан кам көрүп, көнүп калган мансапка кайра жетүү үчүн жасалган аракети деп билсек болот.

Бирок, азыртан чечим чыгарбай тура туралычы, анткени Роза айым бир кезде кеп кылгандай болду эле “саясаттан такыр кеттим” деп. Эгер ал айткан сөзүнө турса, кийинки шайлоодо депутаттыкка барбайт. Барса, ага деле таң калбай эле койгонубуз оң, анткени учурда аял киши эмес “мен кыйын” деген эркектер деле эки сүйлөп, убадага турбай калышпадыбы.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости