www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Ой айыл өкмөтү муниципалдык кызмат боюнча алдыңкылардан болуп саналат. Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Жамгырчиева Розанын жасап жаткан иштери, айылдагы алгылыктуу жөрөлгөлөр жана алдыңкы пландар тууралуу кеп курдук.
- Жумушуңдун көп бөлүгүн эмнеге жумшайсыз?
- Менин убактым көбүнчө укуктук-ченемдик актыларга, паспорттук столдун иштерине, ЗАГС, маалым каттарды жазууларга кетет. Ошондой эле, чарба китептер менен ар жыл сайын калктын санын эсептейбиз. Айылыбызда 3 миң 914 адам жашайт, башкача айтканда 928 түтүн бар. Айыл өкмөттө 11 адам иш алып барат.
- Квалификацияны жогорулатуу боюнча кандай окуулар болууда?
- Негизи, квалификацияны жогорулатуу боюнча көп окуулар болот. Алсак, аймактык экономиканы көтөрүү максатында, жооптуу катчылардын атайын билимди жогорулатуу курстары байма-бай өтүп турат. Аларды аяктаган соң, сөзсүз түрдө сертификаттарды тапшырышат. Биз ошол курстардын угучуулары менен биргеликте бири-бирибизден да ар кандай билимдерди алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
- Быйыл президентибиз А.Атамбаев «Ыйман, адеп жана маданият жылы» жарлыгы боюнча айыл аймагында буга карата кандай саамалыктар жаралууда?
- Ооба, быйылкы жыл иш-чараларга бай жылдардан болууда. Биздин айылда буга карата көптөгөн иш чаралар байма-бай өтүп турат. Алсак, «Апалардан алтын сабак» аттуу иш чарага биздин айылдын 50-60 курактагы жана андан жогорку колдору ууз айымдарыбыз катышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Анда апаларыбыздын өсүп келе жаткан жаш муундарга энелик мээримин төгүп, дегеле аялзатына, келин-кыздарга үлгү болгон сабактары көрсөтүлүүдө.
Андан тышкары, жакында эле, «Түстүү аллеянын» жана «Спорт ордосунун» ачылыш аземи болду. Ага айылыбыздын чыгаан атуулу Кыргызстандын Онкология жана радиология илимий-изилдөө институтунун врач-хирургу Ильязов Анварбек Ильязович агайыбыздын ысмы берилди. Ал 25 жылдан ашуун бокс федерациясынын президенти болгон.
- Жакында эле шайлоо болуп өттү. Эми жаңы шайланган депутаттар айылдын мүдөө-талабын аткарат деген ишеним чоң. Айылдын көйгөйлөрүн, жашоочулардын талаптарын айыл өкмөттө иштегендер жакшы билет эмеспи. Аларды орундатуу үчүн эмне кылуу керек?
- Ооба, мен айылдык Кеңештин катчысы да болуп иштегендиктен, айылдын проблемалары менен жакшы таанышмын. Биз жергиликтүү кеңештин депутаттары менен биргеликте айылыбыздагы эң орчундуу делген маселелерди карайбыз. Мисалга, майыптарга жана кары-картаңдарга жыл сайын 1 тонна көмүр жана отун жагынан жардамдар берилет. Жалгыз бой турган улгайган адамдарга «Карылар күнүндө», «Энелер күнүндө» атайын жардамдар, белектер берилет. Жайында атайын карыларга 1 жумага эс алуу жайларына путёвка беребиз. Быйыл Айбашова 1 жума «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясында эс алып келди. Эми жаңы шайланган жергиликтүү Кеңештин депутаттарынан да көптү күтөбүз. Алардын арасында бычакка саптуу жигиттер менен кайдыгер эмес айымдар да бар, алар айылдын өнүгүшүнө чоң салым кошот деген ишеничтемин.
- Баба-дыйкандардын ишин илгеритүү максатында жаңы шаймандарыңарга ээ болуп, техника тынбай иштеп турса, айыл да өнүгөт. Бул жаатта кандай жаңылыктар бар?
- Жыл сайын биздин айыл өкмөт сөзсүз түрдө 2ден айыл чарба техникаларын сатып алуудабыз. 2015-жылы биздин Кара-Ой айыл өкмөтү республика боюнча «Эң мыкты айыл өкмөтү деп табылып, анда 3 млн. сом байге утуп алганбыз. Анын 2 млн. сомуна биз таштанды ташуучу унааны жана үрөн тазалоочу техниканы 1 млн сомго сатып алдык. Бул айылдаштарыбыздын ишине бир топ жеъилдиктерди алып келди деген ойдомун. Учурда «Үрөн фонду» ачылган, аны Шакеев Туратбек жетектеп келет. Ошол фондубуз атайын борбордогу Айыл-чарба департаменти менен өз ара келишим түзүлүп, үрөндү бир топ эле арзан баада алуудабыз. Учурда айыл өкмөттүн алдында Турак-жай коммуналдык чарбасы иштеп жатат.
- Жайкы сезон башталганы турат. Пансионаттардын менен тыгыз байланышта иш жүргүзүп, алардан кандай жардамдарды алуудасыздар?
- Биздин эл баарына маалым болгондой, жайында иштеп тыйын-тыпырын таап алат. Жыл сайын биз сезон башталаарда айылда жайгашкан эс алуу жайларынын директорлору менен келишим боюнча жумуш ордун түзүү боюнча чогулуштарда макулдашуулар жүрөт. Жердештерибиздин көбүнчөсү эле, пансионаттарга ар кыл чарбасындагы жумуштарга орноштурууга өбөлгө түзүлөт. Жакында эле, Жаштар уюму менен биргеликте айылдын тургуну жүрөк оорусуна чалдыкканына байланыштуу, ага операция жасатуу үчүн 80 миң сом керектелип, ага «Евразия» эс алуу жайы (20 миң сом) жана башка пансионаттар, айыл тургундары да жардам беришти. Мындан улам, биздин айыл ынтымактуу экендиги билинди.
- Балдар биздин келечегибиз эмеспи, окуучуларга кам көрүү максатында айылдагы Касымалы Бектенов атындагы мектептин эшиги, терезелери жаңыртылды. Буга канча каражат сарпталды?
- Мектептин эшик, терезелерин пластикке алмаштырууга бюджеттин эсебинен жалпы 1млн 23,1 миъ сом сарпталды. Ал эми кичине корпустун чатырын алмаштырууга өнүкт үрүү саясаты аркылуу «Элдин өңү» долбоордун алкагында 1 млн.грант тартууланган. Ага учурда чатыры салынды.
Маектешим, Жамгырчиева Роза үй-бүлөөлүү эки уулдун энеси. Жогорку билимдүү. Жолдошу Мирлан тери-цехин иштетет. Ал үйдө да, иште да мыкты көрсөткүтөргө ээ болуп, жакшы жыйынтыктарга жетишип жатат. Роза ар кандай окууларга катышып, көптөгөн сыйлык, сертификаттарга ээ болгон.
Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg
Ысык-Көл баяны
Ысык-Көл облусу