www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеӊеште күрөөгө коюлган мүлктөрдү насыя төлөнбөй калган учурда банктын эсебине алууда киргизилип жаткан жаӊы эрежелерге арналган мыйзам долбоору талкууланууда. Насыя алуучу карызын кайтара албай калган учурда, банктарга же күрөөканаларга насыя үчүн күрөөгө коюлган мүлк соттун чечими менен базар баасы аныкталгандан кийин банктын же күрөөкананын карамагына алынышы шарт.
Демилгечилердин бири Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, мындай өзгөртүүлөр насыя алуучуну жоопкерчиликтен кутултуу үчүн эмес, тескерисинче, карыз төлөө маданиятын калыптандыруу максатында иштелип чыккан. «Күрөөгө коюлган мүлктүн чыныгы базар баасын аныктоо менен, банктар же күрөөканалар тарабынан насыя алуучуга карата жасалган мыйзамсыз жосундарды азайтуу чаралары да каралды. Биз калк арасында карыз төлөө маданиятын калыптандырышыбыз керек», - деп, ал мыйзам долбоорлору Улуттук банктын өкүлдөрү макулдашылганын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg