www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Облустук администрация ашыкча ортомчу орган. Мындай пикирди жарандык активист Руслан Бекназаров билдирди. 

--"Мурдагы айыл өкмөт башчысы катары айтаарым...

Акимдерге берилген ыйгарым укуктарды туура деп эсептейм. Акимдер өз району үчүн түзмө-түз жооп бериши керек жана президентке түз баш ийиши керек. Облустук администрация жоюлушу шарт. Ашыкча ортомчу орган.

Ошондо жер-жердеги бардык маселе президентке тез жетип, анын чечими дагы кечиктирилбейт. 

Сай-сай, уруу-урук болуп бөлүнүшүп айыл өкмөт башчы, мэрди шайлоо дагы токтойт. Кыргыз мамлекетиндеги бардык көйгөйгө президент жеке жооп берет. Иштей албаган акимдерди, министрлер кабинетинин мүчөлөрүн жумуштан дароо алып салуу керек. Элдин нааразы кылганча жетекчилерди тез-тез алмаштыруу зарыл.

Президент менен элдин ортосун жакындатуунун бирден-бир чечими ортомчу бийликтердин жоюлуусу.

Президент - Аким - ЭЛ!", - дейт Бекназаров. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости