www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчилерин жана Чүй облусунда жол коопсуздугун караган кызматкерлердин ишин сындады. Ал 23-июлда автокырсыктардын алдын алуу боюнча жыйын өткөрүп, ишинде кемчилик кетирген кызматкерлер жумуштан эле айдалбай кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

«Кыска мөөнөттүн ичинде жол кыймылынын коопсуздугун сактоо багытында кардиналдуу өзгөрүүлөргө барбасаңар, жолдогу коопсуздукту сактоодо тиешелүү деңгээлде чара көрө албасаңар силердин ишмердүүлүгүңөргө баа берилет, иштей албасаңар анда кетишиңер керек», - деди Ниязбеков.

Министр Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына үч кезмет менен иштеп, ар бир айылга кызматкерлерди коюу тапшырмасын берди. Мас болуп жана маңзат колдонуп машина айдагандарга катуу чаралар көрүлөт.

Кыргызстанда кан жолдордо акыркы күндөрү адам өлүмү менен аяктаган ири автокырсыктар көбөйдү жана анда айрым айдоочулар мас болгону аныкталды.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл алты айда өлкөдө 3400дөй жол кырсыгы катталып, андан 329 киши каза болду. Дагы беш миңдей адам жаракат алды.

Президент Садыр Жапаров буга байланыштуу Ички иштер министрлигине мас айдоочуларды аныктоо үчүн текшерүүнү күчөтүүнү, айрыкча Ысык-Көлгө кошумча күч тартууну тапшырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости