www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ката кетиргендер азыркы камалган чиновниктер. Мындай пикирди камактагы саясатчы Жеңиш Молдокматовдун жубайы Канышай Жумалиева айрым айрым маалымат булактарына билдирген. 

--"Жолдошум бир дагы күн мамлекеттик кызматта иштеп казынага кол салган эмес. Ал ката кетирген жок! Ак жеринен отурат! Ката кетиргендер азыркы камалган чиновниктер. Бир дагы күн мамлекеттик кызматта иштеп казынага кол салган эмес. Эркин элдин пикирин айтканы үчүн абакта отурганы чындык үчүн гана болуп жатат.

Молдокматов чындыкты айтканы үчүн гана бүгүн камакта. Бийликтин кемчиликтерин айтуу кылмыш эмес. Тескерисинче, коштоп жүргөндөргө караганда сырттан айтылган сындар бийликтин ар бир кадамын курчутуш керек болчу. Жолдошум чындап күнөөлүү болгондо бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу кылмак эмесмин. 

Мен президентке кайрылмак эмесмин эгер акыйкат чечим чыгарса. Түрмө менен азап чеккен бүгүнкү бийлик, түрмө менен коркутуп, адам укугун тебелеп, биздин үйдү азапка салды. Жеңиштин камалышы жеке өзүнө эмес, үй-бүлөсү дагы азап чегип жатат. Балдарыбыз атасына куса болуп жатат", - дейт Жумалиева. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости