www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын 25-июлунан тарта Кыргыз Республикасынын жарандары Россияга кирүүдө ПЧР-анализдин жыйынтыгын «COVID-19суз саякаттайм» уюлдук тиркемеси аркылуу көрсөтүшү зарыл. Бул тууралуу Өкмөттөн кабарлады.

Анализ Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө үч күндөн эрте эмес мөөнөттө жүргүзүлүшү керек.

2021-жылдын 1-сентябрынан тартып Азербайджан, Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан Россияга аба түйүндөрү аркылуу кирген чет элдиктер үчүн өтүүдө тиркеме милдеттүү болот.

Белгилей кетсек, Кыргызстандан тышкары жакка саякаттагандар үчүн ПЧР анализди: Бишкек шаарындагы Улуттук вирусологиялык референс-лабораториясы, Ош шаарындагы вирусологиялык лаборатория жана «COVID-19суз саякаттайм» маалымат тутумуна кошулган жеке лабораториялар жүргүзөт.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости