www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Индияда суу алдындагы жер көтөрүлдү

Индиянын Харьяна штатында уникалдуу жаратылыш кубулушу болду – суу астындагы жер көтөрүлдү, деп билдирди «Зе Индиан Экспресс» басылмасы.

Кубулуштун видеосун Жагат Вани аттуу жергиликтүү тургун Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Видеодон заматта суу алдынан жер көтөрүлүп жатканын көрүүгө болот.

Учурда мындай кубулушка эмне себеп болгону белгисиз. Бирок социалдык тармактын колдонуучулары өз божомолдорун жазып жатышат.

Айрымдары жер тектоникалык активдүүлүктөн улам көтөрүлдү дешсе, кээ бирлери жер алдына метан чогулуп калганын айтышууда.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости