www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Рустам мырза, «бийликти жаштарга бергиле» деген пикириңизди айтып чыктыңыз...

- Дүйнө жүзүндө жаңылануу жана жашаруу тенденциясы күч алууда. Медицинанын, илимдин, жаңы технологиялардын ийгилигинин аркасында жашоо узактыгы өсүүдө. Эгерде буга чейин кырк жаштагы эркек киши улуу адамдай эсептелген болсо, бүгүн ал күч-кубатка, ден соолукка жана мүмкүнчүлүктөргө толгон жигит.

Мындан тышкары, азыркы жаштардын билимге жана жөндөмгө ээ болууга 100 жыл мурунку муунга караганда алда канча көп мүмкүнчүлүктөрү бар. Анда эмне үчүн ушул мүмкүнчүлүктөрдү жана потенциалдарды өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн колдонсок болбойт?

Эмне үчүн кээ бир «мурунку» жана «улгайган» депутаттар жана чиновниктер биздин өлкө кандай болушу керектигин, элибизге эмне керек муктаждыгын жакшы билебиз деп ойлошот.

Мисалы, 30 жаштагы жигит мезгилге күчүн арнай турган кызматты качан ээлейт? Менин кайрылуу пикирим ушундай.

Урматтуу заманбап саясаттын аксакалдары, ыйгарым укуктарыңарды жана отургучтарыңарды жашыраак жана натыйжалуу жаштарга өткөрүп бергиле!

Шайлоодон кичине четтегиле. Биз сиздерди сыйлайбыз жана сиздер менен ар дайым кеңешип турабыз. Анткени, сиздердин тажрыйбаңыздар – бул элдин байлыгы жана мурасы.

Булак: «Азия News» гезити

Последние новости