www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү дин аалымы Чубак ажынын бул жарык дүйнөдөн эрте өтүп кетиши өкүнүчтүү. Ал ар тараптуу ой жүгүрткөн аалым эле. Мындай  эскерүүсүн манасчы Рысбай Исаков NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

"Чубак ажы билимдүү аалым эле. Динден башка илимдер менен да жакшы тааныш болгон жана туура ой жүгүрткөн, Ислам менен каада-салт түшүнүгүн жууруштура билген, "Манас" дүйнөсүнөн да кабары бар, ар тараптуу, кенен ой жүгүрткөн аалым эле.

Аксакал куракка жетип, жалпы журтка, журт башкарган билермандарга насаат айтып, бакубат карылык доорду сүрсө болмок..." - деп эскерди манасчы.

Эске сала кетсек, Чубак ажы 10-июлдан 11-июлга караган  түнү оор абалда Улуттук госпиталга жеткирилип, ошол жактан үзүлгөн.

Экс-муфтий 1975-жылдын 21-январында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Азирети Умар атындагы Кыргызстан ислам университетин аяктаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости