www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына элге кайрылып, 5G тууралуу жазып чыкты.

“Калайык! Эми эмне дейм. Көтөргөнүңөр акыркы модель телефон. Сүйлөсөк жалаң сын пикир, имиш. Айтсак ишенбейсиңер. Бир жаман нерсе болсо эле башкасы күнөөлү. Такыр өзүбүздөн көрбөйбүз. "5G" деген система биз эмес өнүккөн көп өлкөгө келе элек. Бүт интернет, телефон антеннанын баарын сындырып бузуп талкалап атасыңар. Кудай урбадыбы, эми кайда барабыз. Кичине билгенден же ошол эле көтөрүп жүргөн телефондун ичинде “Гугл” деген бар, ошондон сурап койсоңор боло. Айтып какшап атсак, укпай атып мына эми ушуга келдик. Вирус боюнча, өтөөрү өттү. Эми врачтарга кеңешкиле анан дары ичкиле. Жөн эле ар кайсыны иче бербей. Өтүшүп кетип оорлошот анан.
Аллах акыл эс берген ошону колдонуп жаша деп. “Ал айыктырат” деп үйдө жата бербе. Эл көп жерде беткап кий, той-ашка барба. Колуңду жуу. Какшатпа. Өзүң үчүн күрөш. Бала чакаң үчүн, сүйгөнүң үчүн",-деп  мэриянын аппарат башчысы билдирүү калтырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости