www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Жогорку Кеңештин курамын 400-500 депутатка чейин көбөйтүп ЖК-КУРУЛТАЙ деп койуу керек”, - дейт белгилүү журналист Сабырбек Муканбетов.
Анын айтымында, депутаттар эл үчүн иштейм деп бийликке келгенден кийин, алардан маселелелерин каражатка такабай маяна албай эле иштеп бериши керек.
“Кеңеш берүүчү, пикир алмашчу жыйынга - "Курултайга" ким отчет бермек эле? Эптеп элди алдап талаптары аткарылган өңдөнтүү аракети болуп баратат. Жогорку Кеңешти (ЖК) эле курамын 400-500 депутатка чейин көбөйтүп ЖК-КУРУЛТАЙ деп койуу керек.
Комитеттерде туруктуу, маяна алып иштеген 35-40 депутатты өзүлөрүнүн ичинен жалпы депутаттар өзүлөрү шайлашсын, калгандары региондорунда өз ишин кылып, эл менен, жергиликтүү бийлик менен иш жүргүзүп, жазда, күздө эки жумадан келип, отчет алып, бюджет бекитип берип, маяна албай иштей турган болсун.
Экономдойбуз депутаттардын санын 120 дан 90го түшүрөбүз деп башты айландыруу кимге керек?
30 депутаттын каражаты экономиябы?
Бул жерде бийликке жеңилдик конституциялык көпчүлүк 80ден 60ка түшүп депутаттарды көндүргөнгө, коркутканга, сатып алганга жеңил болуш үчүн жасалып жатат. Реформа болсо болгондой болсун, баш айландырманы токтоткула”, - дейт Муканбетов.
Булак: NazarNews.kg