www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров 2030-жылдын аягына чейин Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) реалдуу өсүшүн жылына кеминде 8% деңгээлинде кармоо жана чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмүн жыл сайын 20%га көбөйтүү милдетин койду. Бул тууралуу ал 21-октябрда Бишкекте өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.
Мамлекеттик органдардын жана мекемелердин жетекчилери катышкан жыйында өлкөнүн алдыдагы беш жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык багыттары аныкталды.
Мамлекет башчысы экономикалык өсүштү калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багыттоо зарылдыгын белгилеп, экспортко багытталган сервистик-индустриалдык өнүгүү моделине өтүү негизги артыкчылыктардын бири болорун айтты.
Анын айтымында, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө, жогорку кошумча наркы бар продукцияларды чыгарууга, ата мекендик товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортун көбөйтүүгө жана заманбап технологияларды өндүрүшкө киргизүүгө басым жасалат. Тамак-аш, фармацевтика, курулуш, химия жана жеңил өнөр жайы сыяктуу тармактарды колдоо каралган.
Ошондой эле туризмди жыл бою киреше алып келүүчү тармакка айландыруу, маалыматтык технологиялар, финансы, логистика, билим берүү жана медицина кызматтарынын экспортун өнүктүрүү милдеттери белгиленди. Бул багытта «Ала-Тоо Резорт», «Байтик Резорт» жана «Чаткал Резорт» долбоорлорун ишке ашыруу пландалууда.
Президент инвестиция тартууда анын көлөмүнө гана эмес, сапатына да көңүл буруу керектигин белгиледи. Инвесторлор үчүн уруксат берүүчү документтерди алуу жана инвестициялык келишимдерди түзүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, жеке менчикти коргоо жана ишкердикке негизсиз кийлигишүүгө жол бербөө тапшырылды.
Мындан тышкары, сот адилеттигин жакшыртуу, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, жасалма интеллектти жана санариптик технологияларды киргизүү, киберкоопсуздукту күчөтүү артыкчылыктуу багыттар катары көрсөтүлдү.
Социалдык саясатта үй-бүлөлөрдү жана балдарды колдоого, билим берүү менен саламаттык сактоонун сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулат. 2030-жылга чейин өлкөнүн аймактарында 30 «Маданий Ордо» борборун жана 30 заманбап музыкалык мектепти куруу, ошондой эле жыл сайын кеминде 50 маданият мекемесин капиталдык оңдоодон өткөрүү мерчемделүүдө.
Аймактарды өнүктүрүү жаатында Манас шаарын өлкөнүн экинчи экономикалык борборуна айландыруу, транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун долбоорун ишке ашыруу милдеттери белгиленди.
Энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн «Камбар-Ата-1» ГЭСи, «Кара-Кече» ЖЭБи жана чакан, орто ГЭСтер сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу каралган.
Жыйындын жүрүшүндө Президент Министрлер Кабинетине жана борбордук мамлекеттик органдарга белгиленген стратегиялык милдеттерди аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.
Мамлекет башчысы коюлган максаттарды ишке ашыруу экономикалык потенциалды чыңдоого, социалдык-экономикалык өзгөрүүлөргө жана калктын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталарын белгиледи.