www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги «Ала-Тоо» кинотеатрында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө чоң салым кошкон мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун өмүрүнө арналган «Жусуп» тарыхый-драмалык көркөм тасмасынын жабык көрсөтүүсү өттү.

Маданий иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева, Биринчи май районунун акими Улан Сарылбек уулу, Ленин районунун акими Тариел Айтиев, мэриянын жана райондук администрациялардын өкүлдөрү катышты. Ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана коомчулук чакырылды.

Тасма кыргыз элинин тарыхындагы көрүнүктүү инсандардын өмүр жолун жана мурасын даңазалоого, тарыхый эс тутумду сактоого жана жаш муунду мекенчилдикке тарбиялоого багытталган.

 

Последние новости