www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Италиянын Министрлер кеңеши массалык башаламандыкка, вандализмге жана талап-тоноочулукка каршы жазаны күчөтүү боюнча шашылыш декрет кабыл алды.

Жаңы эрежеге ылайык, беш же андан көп адамдан турган топко кошулуп, таш, петарда же таяк ыргытып, коомдук коопсуздукка коркунуч жараткан адамдар 5 жылга чейин эркинен ажыратылып, 20 миң еврого чейин айып пулга тартылышы мүмкүн.

Ошондой эле келтирилген зыянды күнөөлүү тарап төлөйт. Эгер зыянды жашы жете элек өспүрүм келтирсе, чыгымды анын ата-энеси төлөөгө милдеттендирилиши мүмкүн.

Мындан тышкары, 14-18 жаштагы өспүрүмдөргө да алдын ала кармоо чарасы колдонулат. Миланда коомдук тартипти камсыздоо үчүн жыл аягына чейин кошумча 500 аскер кызматкери жөнөтүлөрү пландалууда.

Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони: «Нааразычылык билдирүү — укук, ал эми шаарларды талкалоого эч кимдин укугу жок», - деп белгиледи.

Последние новости