www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Сосновка айылындагы таштанды полигонунда чыккан өрттөн кийин «Таза Сосновка» муниципалдык ишканасына 23 миң сом айып пул салынды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору өрт фактысы боюнча текшерүү жүргүзүшкөн.

Анын жыйынтыгында муниципалдык ишкана Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде айыпка жыгылган.

Мындан тышкары, ишкананын өкүлдөрүнө таштанды полигондорунда өрттүн чыгышына жол бербөө, экологиялык талаптарды так сактоо жана мындай окуялардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Последние новости