www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Октябрь районундагы С. Күмүшалиева көчөсү реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди. Жаңыланган жол тилкесинин узундугу 570 метрди түзөт.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев көчөдө жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен таанышты.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жолдун унаа жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 7 метрди түзөт. Көчөнүн эки тарабына туурасы 1,5 метрден болгон тротуарлар курулуп, бир тарабына суу агызуучу лоток орнотулган. Ошондой эле бордюрларды орнотуу иштери толук аяктаган.
Жергиликтүү тургундар көчөнү реконструкциялоо үчүн ыраазычылык билдирүү менен бирге, жол жаңылангандан кийин айдоочулар унааларын жогорку ылдамдыкта айдай баштаганын белгилешкен.
Буга байланыштуу мэр тиешелүү кызматтарга жол кыймылынын ылдамдыгын азайтуу жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында көчөгө заманбап жасалма жол дөңсөөлөрүн кыска мөөнөттө орнотууну тапшырды.
Көчмө жыйындын жыйынтыгында жооптуу кызматтарга бир катар тапшырмалар берилди.