www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте көмүрдүн бир тоннасы 7 миң сомдон сатылууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаадагы көмүр базаларынын кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Учурда көмүр базаларында 10 миң тоннадан ашык отун бар.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, мэр Полевой көчөсүнүн № 1/7 жана Достоевский көчөсүнүн № 97к даректериндеги көмүр базаларын кыдырды. Анда көмүрдүн запасы жана базалардын кышка даярдыгы менен таанышты.

Бишкекте жалпысынан 38 көмүр кампасы иштейт. Алардын 27–28и тиешелүү келишимдердин негизинде иш алып барат. Бул көмүрдүн көлөмүнө жана баасына көзөмөл жүргүзүүгө, ошондой эле шаар тургундарын жеткиликтүү баадагы отун менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Учурда көмүрдүн бир тоннасы 7 миң сомдон сатылууда. Баа монополияга каршы жөнгө салуу талаптарына ылайык белгиленген.

Мындан тышкары, шаардагы жылуулук менен камсыздоо объектилеринин жылытуу мезгилине даярдыгы каралды. Айбек Джунушалиевдин айтымында, борбор калаадагы отканалар толугу менен даярдалган.

Мэр шаар тургундарын көмүрдү суук түшкөнгө чейин алдын ала сатып алууга чакырды.

«Кыштын алгачкы кары жаагандан кийин дүрбөлөң жаралбашы үчүн көмүрдү алдын ала сатып алыңыздар. Кыш мезгилине өз убагында даярдануу зарыл», — деди ал.

Жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга көмүрдүн жеткиликтүүлүгүнө жана баасына көзөмөл жүргүзүүнү улантуу, ошондой эле кыш мезгилинде борбор калаанын тургундарын жетиштүү көлөмдөгү отун менен камсыз кылуу тапшырылды.

Последние новости