www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын эскертти. Бул талап социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда жарыяланган материалдарга да тиешелүү.
БШКнын маалыматына ылайык, 21-октябрда Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо, үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү.
Жыйында социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында шайлоо алдындагы үгүттүн мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар каралды.
Натыйжада Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеев аттуу социалдык тармактын активдүү колдонуучуларына эскертүү берилип, жарыяланган билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Алар мындан ары мыйзам талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.
БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын мыйзам талаптарын так сактоого чакырды. Ошондой эле үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерди мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жасоодон оолак болуу зарылдыгын белгиледи.
Жумушчу топ социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.
БШК белгилегендей, үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоого катышуучулар үчүн бирдей шарттарды түзүүгө, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун камсыз кылууга багытталган.