www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын экономикасы 2026-жылдын январь–сентябрь айларында 10,8 пайызга өсүп, ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 1 триллион 640,9 миллиард сомго жетти. Бирок экономикалык өсүшкө карабастан, өлкөдө инфляция күчөп, азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарлар кымбаттоодо.
Сентябрда инфляциянын деңгээли 12,2 пайызды түзгөн. Эттин баасы дээрлик 20 пайызга өсүп, базарларда бир килограмм эт орточо 970 сомдон сатылууда. Уй эти 25,4 пайызга, жылкы эти 21,7 пайызга кымбаттаган.
Экономиканын өсүшүнө курулуш тармагы олуттуу салым кошуп, бул сектордогу көрсөткүч 62,2 пайызга жогорулаган. Ошол эле учурда өнөр жайдагы өсүш темпи жайлап, экономиканын жалпы өсүшү беш айдан бери басаңдап баратканы белгиленген.
Тышкы соода жүгүртүүсү январь-август айларында 12 миллиард долларга жеткен. Анын ичинен экспорт 2,2 миллиард долларды, импорт 9,7 миллиард долларды түзгөн. Экспорт 19,5 пайызга, импорт 11,9 пайызга өскөн.
Өлкөдө орточо айлык акы 55 миң сомго жеткени айтылууда. Инфляцияны ооздуктоо максатында 2027-жылдын 1-январынан тартып мамлекеттик программа киргизүү пландалууда. Бийлик 2027-жылдын жыйынтыгында Кыргызстан Борбор Азиядагы инфляциясы эң төмөн өлкө болушун көздөп жатат.