www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Сыдырбаева жеке мектептерде жана жогорку окуу жайларда иштеген чет элдик мугалимдерди киреше салыгынан жана камсыздандыруу төгүмдөрүнөн бошотууга каршы чыкты.

Ал мындай жеңилдиктер мамлекеттик бюджеттин кирешесин азайтарын белгилеп, жеңилдиктерди мамлекеттик мектептерде иштеген чет элдик адистерге гана берүүнү сунуштады.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Алтынбек Кудайбердиевдин айтымында, сунуш мамлекеттик мектептерге чет элдик адистерди тартуу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатын көздөйт.

«Мамлекеттик жана жеке мектептерде тең эле жарандарыбыздын балдары окушат. Ошондуктан баарына бирдей шарт түзүү керек», — деди Кудайбердиев.

Последние новости