www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тараздык 22 жаштагы Назифат Бишкекте өткөн концертте дүйнөлүк жылдыз Шакиранын көз айнегин кармап алган. Кийин ага аксессуар үчүн 25 миң доллар (болжол менен 11,2 миллион теңге) сунушталган. Бирок кыз көз айнекти сатуудан баш тартып, өзүндө калтырууну чечкен. Бул тууралуу Tengri Life басылмасы жазды.

Назифаттын айтымында, ал концерт учурунда Шакиранын өнөрүн видеого тартып жатканда, ыргытылган көз айнекти тосуп алган.

–  Мен туруп алып видеого тартып жаткам. Бир маалда көз айнек биз тарапка учуп келе жатканын көрдүм. Кайсы жакка түшкөнүн карабай эле колумду артка сунуп, аны сезип, өзүмө тарттым. Башында карап, көзүмө ишенген жокмун. Экинчи жолу караганда да ишене албай турдум, - деп айтып берген Назифат. 

Кийинчерээк кызга атактуу ырчынын аксессуары үчүн 25 миң доллар сунушталган. Бирок Назифат аны сатпай, өзүндө калтырууну чечкен.

Анын айтымында, бул көз айнек жөн гана аксессуар эмес, дүйнөлүк жылдыздын концертинен калган өзгөчө эстелик.

Последние новости