www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жеке жолугушуусу зарыл эмес деп эсептейт.
Трамптын айтымында, Вашингтон Зеленскийден жаңжалды токтотуу боюнча келишимге кол коюусун күтөт. Ал ошондой эле Москва да согуштун аякташын каалап жатканын белгилеген.
Мындан тышкары, Трамп Украинага көрсөтүлгөн америкалык жардам көптөгөн жоготууларга алып келгенин айтып, Киевди жаңжалды эртерээк токтотууга мүмкүнчүлүгү болгон деп сындады.