www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-октябрда УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте Улуттук гвардиянын аскер бөлүктөрүнүн биринин командири И.А.га байланыштуу мыйзам бузуу фактысын аныктады.

Маалыматка ылайык, командир өзүнө баш ийген келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерин жеке үйүнүн курулуш иштерине системалуу түрдө тарткан. Алардын арасында аскер бөлүгүндө суткалык кезметте турган аскер кызматкерлери да болгону айтылууда.

Текшерүүнүн жыйынтыгында чогултулган материалдар Аскер прокуратурасына өткөрүлүп, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголду.

Тергөө иштеринин алкагында И.А. кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Последние новости