www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров жаңы «Мадина» базарына пландан тышкары барып, соодагерлер менен жолугушканын Президенттик администрациянын басма сөз кызматы маалымдады.

Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан.

Маалым болгондой, жаңы базар курулуп жаткан жер тилкеге ээлик кылган ишкер долбоорду аягына чыгара албай, аны өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп берген. Ошол эле учурда анын салган каражаты базар киреше бере баштагандан кийин баскыч менен кайтарылары кабарланды.

Мамлекет башчы жаңы базардагы соода түйүндөрүн көрүп чыгып, ага анын иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев объект өрт коопсуздугу жана санитардык талаптарга жооп берерин, ачууга даярдалып жатканын маалымдады.

Ишкерлер өздөрүн тынчсыздандырган маселелерди айтып, ижара акысын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүнүштү.

Андан соң президент август айынын аягында өрт чыккан эски базарга барып, соодагерлер менен баарлашты. Сүйлөшүү учурунда жабыркагандарга кенемте эски «Мадина» базары жайгашкан жер тилкесинин ээсинин эсебинен төлөнөрү белгилүү болду.

Жаңы базардын администрациясынын маалыматына ылайык, соодагерлердин 90 пайызга жакыны жаңы соода орундарына көчүп барган.

Президент Туманбаевге базарды ачууга даярдык көрүү боюнча бардык иштерди аяктоону, соодагерлер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көңүл бурууну тапшырды.

Мамлекет башчы ноябрь айынын башына чейин жаңы базар толугу менен ишке даяр болуп, штаттык режимде иштеши керектигин белгиледи.

Последние новости