www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Исхак Масалиев кыргыз тилинен тест тапшырды

Саясатчы, мурдагы депутат Исхак Масалиев президенттикке талапкер болуу үчүн кыргыз тилинен тест тапшырды.

Ал окуу бөлүгүнөн 73, угуу бөлүгүнөн 76 упай алды. Тесттин жыйынтыгы бир апта ичинде белгилүү болот.

Масалиев кыргыз тилиндеги айрым тапшырмалар кыйын болгонун айтып, мектепти жана жогорку окуу жайын орус тилинде бүтүргөнүн белгиледи.

Буга чейин президенттикке талапкер болуу ниетин билдирген Сыймык Жапыкеев менен Өмүрбек Суваналиев мамлекеттик тил боюнча тесттен өтпөй калышкан. Суваналиев окуудан – 87 балл, угуудан – 84 балл менен өтөт. Жапыкеев болсо окууну – 63 баллга, угууну – 76 баллга тапшырат.

Кийинки баскычтан Өмүрбек Суваналиев жазуудан – 56 балл, сүйлөөдөн – 65 балл алган. Сыймык Жапыкеев жазуудан – 55 балл, сүйлөөдөн – 63 балл алган. Ошондо Суваналиевге 4 балл, Жапыкеевге 5 балл жетпей калган.

Последние новости