www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанга баңгизат ташуу жолдору өзгөрүп, Россия менен Казакстандан синтетикалык баңгизаттар келе баштады. Бул тууралуу Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлү Марсел Дөөталиев билдирди.
Анын айтымында, мурда негизги коркунуч өлкөнүн түштүгүндө болсо, азыр түндүк багыты да активдешти. Синтетикалык баңгизаттардын бир бөлүгү Кыргызстанда калса, калганы Өзбекстанга жөнөтүлөт. Ал эми Афганстандан чыккан маңзаттар өлкө аркылуу транзит менен ташылууда.
Маалыматка ылайык, тогуз айда Кыргызстанда 337 килограмм гашиш алынган.