www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 21-октябрдан тартып Бишкек шаарындагы Махатма Ганди көчөсүндө (мурдагы Муромская көчөсү) жол оңдоо иштерине байланыштуу коомдук транспорттун кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, № 6, 36 жана 169-автобустар Гагарин көчөсү аркылуу каттап, № 4 шаардык ооруканасына кирбей өтөт.
Мындан тышкары, № 18 жана 23-автобустардын каттам схемалары да убактылуу өзгөртүлөт.
Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана конокторун коомдук транспорттун кыймылындагы өзгөрүүлөрдү эске алып, сапарларын алдын ала пландаштырууга чакырат.
Муниципалитет жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, шаардыктардан түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.