www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстанга бажы төлөмүсүз киргизилген электромобилдердин башка өлкөлөргө чыгарылышына байланыштуу маселени көтөрдү.
Анын айтымында, Кытайдан 15 миң электромобилди бажы төлөмүсүз алып келүүгө берилген квота Кыргызстандын өзүндө толук пайдаланылбай, унаалардын бир бөлүгү Россияга чыгарылып жатат.
«Эмне үчүн квотаны өзүбүз үчүн пайдаланбайбыз? Россиялыктар алып чыгып кетип жатышат. Биз квотаны ким үчүн сурап жатабыз? Россиялыктар үчүнбү?» - деди депутат.
Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлү мекеме унааларды өлкөдөн ары чыгарууну көзөмөлдөй албай турганын билдирди. Экономика министрлиги бул маселени карап жатканын маалымдады.