www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев Узөңгү-Кууш маселеси боюнча өзүнө карата айтылып келген айыптоолорду четке кагып, 2002-жылдагы окуяларга түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, айрымдар Узөңгү-Кууштун Кытайга өтүшүнө ал атайылап каттоодон өтүп, парламенттеги кворумду камсыз кылганы себеп болгон деп айтып келишет. Бирок Текебаев бул маалыматты жалган деп эсептейт.
Ал кезде Мыйзам чыгаруу жыйынында 60 депутат болгон. Кворум үчүн 40 депутаттын катышуусу талап кылынган. Текебаевдин билдиришинче, ал залдан чыгып кеткен күндө да кворум болмок. Ал добуш берүү учурунда мыйзамды колдогондордун саны жасалма көбөйтүлбөшүнө көз салуу үчүн залда калганын белгиледи.
Текебаевдин маалыматы боюнча, мыйзам долбоорун 36 депутат колдоп, экөө каршы добуш берген, экөө калыс калган, дагы бир депутат добуш берүүгө катышкан эмес. Анын пикиринде, чек араны өзгөртүү үчүн талап кылынган 40 добуш топтолгон эмес. Бирок Конституциялык сот мыйзам мамлекеттик чек араны өзгөртпөй, аны аныктайт деген чечмелөөнү колдонгон.
Ал белгилегендей, Узөңгү-Кууш боюнча мыйзам долбоорун 2002-жылдын 3-майында ошол кездеги премьер-министр Курманбек Бакиев Жогорку Кеңешке киргизген. Мыйзам долбоору 10-майда Мыйзам чыгаруу жыйынында, 17-майда Эл өкүлдөр жыйынында кабыл алынып, 25-майда президент Аскар Акаев кол койгон.
Текебаев ошондой эле 2006-жылы «Жаңы Ордо» гезитинин жарыяланган маалыматына байланыштуу сотко кайрылганын билдирди. Анын айтымында, Биринчи май райондук сотунун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминде «Текебаев болбосо, кворум болмок эмес» деген айыптоонун негизсиздиги каралган.
Ал бул темага коомчулуктун акыркы убакта көптөгөн суроолорунан улам кайра кайрылып, тарыхый окуяларга саясий айыптоолорго эмес, фактыларга жана документтерге таянып баа берүү зарылдыгын белгиледи.