www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ЖЭБине керектүү көмүрдүн 29%ы камсыздалды

Күз-кыш мезгилинде өлкө боюнча жалпы 3 млн 323 миң 60 тонна көмүр керектелет. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, калк үчүн 1 млн 483 миң 600 тонна керектелет. Бүгүнкү күндө 446 миң 300 тонна менен камсыздалды. Ал эми бюджеттик мекемелерге 319 миң 400 тонна сарпталат. Учурда 163 миң тонна жеткирилди.

“Бишкек ЖЭБине 1 млн 520 миң тонна керектелет. Бүгүнкү күндө 439 миң 800 тонна камсыздалды. Бул 29%ды түзөт”, — деди министр.

Последние новости