www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жыргалбек Медетканов Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдирди.
Жаңы дайындалган жетекчини 22-май күнү министр Нурдан Орунтаев департаменттин эмгек жамаатына тааныштырып, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.
Министр өз сөзүндө курулуш тармагында иштердин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аткарылышы, мамлекеттик талаптардын так сакталышы өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
Ошондой эле калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо жана социалдык-маданий объектилердин курулушун талапка ылайык жүргүзүү башкы милдеттердин бири экенин айтты.
Маалыматка ылайык, Жыргалбек Медетканов буга чейин аталган департаменттин директорунун орун басары болуп иштеп келген.
Ал курулуш тармагындагы эмгек жолун 2008-жылы инженер адиси катары баштаган.