www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан чет элдик жумушчулар үчүн берилүүчү квотаны 52 миңден 100 миң адамга чейин көбөйттү.
Жаңы эрежеге ылайык, алгач 60 күнгө чейинки мөөнөткө "бирдиктүү уруксат" берилет. Эгер адам Кыргызстанда андан ары калууга муктаж болсо, кийин ал резидент-карта алса болот.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, соңку жылдары Кыргызстанга келген чет элдик мигранттардын саны өсүүдө.
Кыргызстанга айрыкча коңшу Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандан мигранттар көп келет. Андан тышкары Түркия, Кытай сыяктуу мамлекеттерден да келип иштеп жаткандар арбын. Бирок соңку жылдары өзгөчө Түштүк Азия өлкөлөрүнөн келгендердин саны өстү.
Буга чейин Бангладеш менен Пакистандын жарандары Кыргызстанга негизинен билим алуу максатында келишсе, азыр алар көбүнчө эмгектенүү үчүн келе баштаган.