www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин жаштар жана спорт маселелерине жооптуу министрлеринин 10-жыйыны өттү.
Иш-чара 21-октябрда өтүп, ага Кыргызстандын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев, ошондой эле Түркия, Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжандын өкүлдөрү катышты.
Жыйында Урмат Асанбаев Кыргызстандагы спорт тармагынын жетишкендиктери жана келечектеги пландары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маанисине токтолуп, өлкөнүн эл аралык спорттук иш-чараларды уюштуруу тажрыйбасын белгиледи.
Катышуучулар жаштар үчүн биргелешкен программаларды ишке ашыруу, ТМУнун Жаштар платформасын өнүктүрүү жана 2027-жылга белгиленген жаштар жана спорттук иш-чараларга даярдык көрүү маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, «Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору» демилгесине көңүл бурулуп, 2026-жылы Хива шаарында өтүп жаткан иш-чаралардын программасы жана 2027-жылга карата пландар каралды.
Жыйын түрк мамлекеттеринин ортосунда жаштар жана спорт жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатын көздөйт.