www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
21-октябрда саат 15:23тө Бишкекте «Ырыс Ордо» конгресс-холлунун чатырындагы түтүн толук жоюлду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин имараттын чатырында изоляциялоо иштери жүргүзүлүп жатканда түтүн чыкканы кабарланган.
Окуя тууралуу билдирүү ӨКМге саат 12:36да келип түшкөн. Жерге эки өрт өчүрүүчу экипаж, эки автотепкич, ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу жана штаб жөнөтүлгөн.
Окуя болгон жерде өрт өчүрүү кызматтары иш алып барышты. Милиция объектини курчоого алды.
ӨКМден өрт чыкпаганын, изоляциялоо иштери учурунда түтүн пайда болгонун белгилешти. Мекеменин кызматкерлери түтүн чыккан аянтты текшерип чыгышты.