www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финансы полициясынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев мамлекеттик тил боюнча экзаменди кайра тапшырууга келди. Кыргыз тилин билгендиги тууралуу сертификат Кыргызстандагы президенттик шайлоого катышуу үчүн зарыл.

Жапыкеевдин 8-октябрда болгон биринчи аракети ийгиликсиз аяктаган. Ал экзамендин жазуу бөлүгү боюнча талап кылынган баллды топтой алган эмес. Өзүнүн айтымында, калган тапшырмаларды ийгиликтүү аткарган, бирок жазуу бөлүгүнөн өтүү үчүн зарыл болгон баллдан беш баллга аз алган. Жыйынтыктар жарыялангандан кийин ал коюлган баага нааразычылыгын билдирген.

Жапыкеев экзаменди кайра тапшырууга саясатчы Кубанычбек Кадыров менен келген. 

"Кудай буюрса, мен ишенем. Сыймык бүгүн тапшырат. Себеби ал прокуратурада 19 жыл иштеген. Көп жыл тергөөчү болуп эмгектенген. Болгондо да Башкы прокуратурада өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү болгон. Мен жаңылбасам, Кыргызстан боюнча андай 15 эле тергөөчү болот. Бишкек шаарында кыргыз мектепти бүтүрүп, Кыргыз Улуттук университетин да кыргызча окуган. Иштеринин 90 пайызын кыргыз тилинде тергеген. Сыймык инимди биринчи курстан бери тааныйм. Кыргыздын мыкты азаматы деп эсептейм. Бүгүн Сыймык бешке тапшырат деп ишенем. Баары калыс, мыйзам чегинде болушу керек",- деди Кубанычбек Кадыров.

Буга чейин «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси жазуу бөлүгүнөн 50дөн 59га чейин балл алган талапкерлер экзамендин ошол бөлүгүн үч жумуш күнүнөн кийин кайра тапшыра аларын түшүндүргөн. Президенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлер кыргыз тилин B2 деңгээлинде билерин ырасташы керек.

Сыймык Жапыкеевдин экзаменди кайра тапшыруусунун жыйынтыгы азырынча жарыялана элек. Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.

Последние новости