www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2027-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда социалдык жөлөкпулдардын, пенсиялардын айрым түрлөрүнүн, үстөк акылардын жана акчалай компенсациялардын өлчөмү жогорулайт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Төлөмдөрдүн жаңы өлчөмдөрү президент Садыр Жапаровдун жарлыгында каралган. Өзгөрүүлөр майыптыгы бар балдарга жана чоңдорго, ата-энесинен жана багуучусунан ажыраган балдарга, көп балалуу энелерге, улгайган жарандарга жана башка жеңилдетилген категорияларга тиешелүү болот.

Майыптыгы бар жарандардын жөлөкпулдары көбөйөт

18 жашка чейинки майыптыгы бар балдарга, анын ичинде балдардын церебралдык шал оорусу менен жабыркагандарга берилүүчү жөлөкпул 8 миң сомдон 11 миң сомго чейин жогорулайт. ВИЧ же СПИД менен жашаган балдарга жана ВИЧ же СПИД менен жашаган энелерден төрөлгөн балдарга берилүүчү төлөм да 11 миң сомду түзөт.

Ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдарга берилүүчү жөлөкпул 6 миң сомдон 8 миң сомго, ал эми багуучусунан ажырагандыгы үчүн төлөм 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин көбөйөт.

Бала кезинен бери майыптыгы бар адамдар үчүн жөлөкпулдардын жаңы өлчөмдөрү төмөнкүдөй белгиленет:

  • I топ — 11 миң сом;
  • II топ — 9,6 миң сом;
  • III топ — 8,4 миң сом.

Жалпы оорунун кесепетинен майыптыгы бар адамдардын жөлөкпулдары да жогорулайт. I топтогулар 8,5 миң сом, II топтогулар 6 миң сом, III топтогулар 5 миң сом алышат.

«Баатыр эне» наамындагы энелердин төлөмдөрү өзгөрөт

«Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин пенсиясына кошулуучу ай сайынкы үстөк акы 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин көбөйөт. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, бул төлөмдү 30,6 миңден ашык аял алат.

Ал эми 55 жашка толгон, бирок пенсия алууга укугу жок «Баатыр эне» наамынын ээлерине берилүүчү социалдык жөлөкпул 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин жогорулайт.

Бийик тоолуу аймактарда жашаган жана пенсия алууга укугу жок улгайган жарандарга төлөнүүчү жөлөкпул 2 миң сомдон 3 миң сомго чейин көбөйөт.

Ардагерлерге жана жеңилдиктерге укуктуу жарандарга компенсациялар жогорулайт

Төлөмдөрдүн көбөйүшү Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, мурдагы жашы жете элек концлагерь туткундарына, Советтик Армияда кызмат өтөп жатып майыптыгы бар болуп калган адамдарга, интернационалист-жоокерлерге, Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкандарга, реабилитацияланган жарандарга жана ардактуу донорлорго да тиешелүү болот.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына берилүүчү компенсация 10 миң сомдон 11 миң сомго, ал эми согуштук аракеттерге катышкан интернационалист-жоокерлерге төлөнүүчү каражат 8 миң сомдон 9 миң сомго чейин көбөйөт.

Ардактуу донорлордун төлөмдөрү эки эсеге көбөйүп, 1 миң сомдон 2 миң сомго жетет. Угуу жана көрүү жөндөмүнөн майыптыгы бар адамдарга берилүүчү ай сайынкы компенсациялар да 2 миң сомго чейин жогорулайт.

Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандарга пенсиясына кошумча ай сайын 1 миң сом компенсация төлөө каралган.

Ошондой эле Баткен жана Ош облустарындагы окуялардан, 2002-жылдагы Аксы окуясынан жана 2010-жылдын апрель–июнь айларындагы окуялардан жабыркагандарга, ошондой эле каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө берилүүчү төлөмдөр көбөйөт.

Айрым пенсиялардын өлчөмү да жогорулайт

2027-жылдын 1-январынан тарта мөөнөттүү аскердик кызматтын катардагы жоокерлери жана матросторунун арасындагы майыптыгы бар аскер кызматкерлерине белгиленген минималдуу пенсия 12,3 миң сомду түзөт.

Мындан тышкары, I топтогу майыптыгы бар жарандардын пенсиясы пенсиянын базалык бөлүгүн көбөйтүүнүн эсебинен 9,5 миң сомго, III топтогу майыптыгы бар жарандардын пенсиясы 5 миң сомго жеткирилет.

Министрликтин маалыматына ылайык, жогорулатылган төлөмдөр республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.

Последние новости