www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте ит кол салып, башынан оор жаракат алган 6 жаштагы Умар Түштүк Кореяда операция жасатып, Кыргызстанга кайтып келди.

Сеулдагы «Asan» медициналык борборунун дарыгерлери баланын жабыркаган баш терисин санынын териси менен калыбына келтиришкен. Операция 29-сентябрда жасалган.

Дарыланууга кеткен чыгымдарды медициналык борбор жана анын социалдык камсыздоо фонду толугу менен көтөргөн. Умар 15-октябрда мекенине кайтып келген.

Белгилей кетсек,  2020-жылы туулган бала 1-апрелде баш жана колу-бутунун териси тиштелип, шок абалда ооруканага түшкөн

 

Последние новости