www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 23-октябрында Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Чектөө саат 10:00дөн 22:00гө чейин күчүндө болот.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, суу өткөргүчтөгү диаметри 400 мм болгон түтүктү оңдоо иштерине байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине суу берилбейт.
Суу өчүрүлө турган аймак Айни, Жунусалиев, Гагарин, Абдраимов көчөлөрү жана Чыңгыз Айтматов проспекти менен чектелет.
Ишкана шаар тургундарынан жана уюмдардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнүп, убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.
Ошондой эле шаардыктарга «Менин шаарым» тиркемеси аркылуу ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруу мүмкүнчүлүгү эскертилди.