www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Бостеридеги "Золотые пески" пансионатында каза болгон 23 жаштагы жигиттин табышмактуу өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алат. Бул тууралуу өлкө башчынын пресс-катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

"Президент Жапаров коомчулукта резонанс жараткан, Ысык-Көл облусунун Бостери айылында 23 жаштагы жарандын өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алды. Укук коргоо органдарына окуянын чоо-жайын ар тараптуу жана объективдүү иликтөө тапшырмасы берилди", - деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы 7-августта билдиргендей, 6-августта таңкы саат 05:10 чамасында Ысык-Көл ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Талас районунун 23- жаштагы А.Б. аттуу тургуну каза болгону тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул билдирүү райондук милициянын электрондук маалымат реестрине катталып, окуя болгон жерге Бостерин айылдык милиция бөлүмүнүн тергөө тобу жөнөтүлгөн.

Облустук милициядан билдиришкендей, алгачкы сырткы кароодо жигиттин денесинен зордук-зомбулук менен өлүмдүн издери табылган эмес. Окуянын күбөлөрү менен сурамжылоо жүргүзгөндө маркум 5-август күнү жубайы жана классташтары менен Ысык-Көл облусуна эс алганы келгени аныкталган.

Классташтарынын биринин айтымында, саат 23:30дар чамасында ал маркум жана дагы бир классташы менен көл жээгинде жайгашкан барда эс алып жатышкан. Эс алуу учурунда маркум белгисиз адамдар менен барда урушуп кеткен. Кийин аны бардын аймагынан эс-учун жоготуп жаткан абалда табышкан. Жардамга чуркап келген эс алуучулардын бири өзүн медицина кызматкеримин деп тааныштырып, жабырлануучуга жардам көрсөтө баштаган.

Милиция кызматкерлери жардамга келген жарандын өздүгүн аныкташкан. Ал Ош облусунун тургуну 23 жаштагы У.К аттуу тургуну экени белгилүү болгон. Анын айтымында, ошол күнү таңкы саат 05:00 чамасында көл жээгинде сейилдеп жүрүп, жардам сурап кыйкырган үндү уккан. Ошол жерге чуркап барып, жигитке дароо биринчи жардам көрсөтө баштаган. Жардам берип жатып жабырлануучунун тилин жутуп алганын байкап, тилин сууруп алуу үчүн жабырлануучунун оозун ача баштаган. Бул учурда тез жардам бригадасы келип, жардам көрсөтүүнү уланткан. Бирок жигитти эсине келтирүү аракетинин баары текке кеткен.

Талас облусунун 23 жаштагы тургуну А.Б.нын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости